Бишкекке Кытайдан жаңы 25 автобус келди. Сүрөт

Кыргызстанга жалпысынан миңден ашуун экологиялык автобустар келет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкекке Кытайдан чыгарылган 25 автобус келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жыл этегине чейин 500 автобустун келиши күтүлүүдө, дагы 500ү 2024-жылы алынып келет. Жаңы транспорттор линияга 15-сентябрда чыгат.
1 / 3

Бишкекке Кытайдан чыгарылган 25 автобус келди

2 / 3

Жыл этегине чейин 500 автобустун келиши күтүлүүдө, дагы 500ү 2024-жылы алынып келет.

3 / 3

Жаңы транспорттор линияга 15-сентябрда чыгат.

"Кыргызстанга жалпысынан миңден ашуун экологиялык автобустар келет. Калаада транспорт маселеси чечилүү аракетинде", — деп билдирди мэрия.
Эске салсак, майда Садыр Жапаров Кытайда автобустарды чыгарган "Zhongtong bus Holding Co. LTD" заводуна барган. Ага чейин аталган заводдон Бишкек шаарына газ менен жүргөн 120 автобустун партиясы сатып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу чечими кабыл алынган.
Бишкек: коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү кандай жүргүзүлөт? Түшүндүрмө