БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемеси Чүйдүн Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылына жаңы бөлүмүн ачты. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымдады.
© Фото / пресс-служба ГУ “Унаа” МВД КР
Жаңы бөлүм Таш-Дөбө айылында Больничная көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан.
"Аталган сектор жоголгон жана эскирген айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтарын көрсөтөт. Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ушул жылдын башынан бери Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемеси тарабынан республиканын аймактарында төрт жаңы сектор ачылды. Учурда жаңы бөлүмдөрдү ачуу максатында аймактарда талдоо жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.