Радио

Акунова: "Кыргыз сериал" баалуулуктар боюнча 12 ролик тартты

ЧӨБ "Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Аруна Акунова аталган мекеме 2023-жылдын январь айынан бери иштеп келе жатканын айтты.
Sputnik
Учурда "Кыргыз сериал" мамлекеттик мекемеси алты долбоордун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Аруна Акунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Нарк" деп аталган долбоордун негизинде улуттук баалуулуктарды даңазалаган 12 ролик даярдалып бүттү.
"Биздин мекеме үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен иштеп келе жатат. Азыркы кезде алты долбоор даярдалууда. Алардын алгачкысы жана эң маанилүүсү бул — "Нарк" долбоору. Анын негизинде нарктуулук боюнча 12 ролик тартылып бүттү. Ошондой эле 3 клип да соңуна чыгайын деп калды. Аталган долбоордон кыргыздын нарктуулугу боюнча көрө аласыздар. Жакын арада өз көзүңүздөр менен көргөндө дагы да түшүнүктүү болот. Биз, кыргыздар, өзүбүздүн наркыбызды унутуп, башка улуттардын баалуулуктарын сиңирип жатабыз. Жарымыбыз арабдашып, жарымыбыз еврейлешип кеттик. Наркыбызды унутсак, элибизди да жоготуп алышыбыз мүмкүн", — деди Акунова.
Ал даярдалган ролик жана клиптер күз мезгилинен тарта бардык мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлөрүн кошумчалады.