14-августка карата аба ырайы

14-августта түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +24...+29, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +20...+25 жана Нарында +23...+28 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +25...+27, Чолпон-Атада +22...+24 жана Ош шаарында +28...+30 градусту көрсөтөт.
Күн салкындайт. Кыргызстан боюнча аба ырайынын бир жумалык божомолу