Айыл чарба министрлигинин эки кызматкери 4 000 доллар пара алды деп кармалды

Жабырлануучу Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын адистери ага чоң суммада айып салабыз деп коркутуп акча талап кылышканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Айыл чарба министрлигине караштуу Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкери жарандан опузалап акча алып жаткан деп кармалды.
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, алардын бири Чүй – Бишкек аймактар аралык жер-суу көзөмөлдөө кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р., экинчиси – аталган кызматтын бөлүм башчысы М.Ш.
1 / 3

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын эки кызматкери жарандан опузалап акча алып жаткан деп кармалды

2 / 3

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, алардын бири Чүй – Бишкек аймактар аралык жер-суу көзөмөлдөө кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р., экинчиси – аталган кызматтын бөлүм башчысы М.Ш.

3 / 3

Министрликтин маалыматына ылайык, шектүүлөрдү милиция кызматкерлери 11-августта Бишкектин Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4 000 доллар алып жаткан жеринен кармашкан

Министрликтин маалыматына ылайык, шектүүлөрдү милиция кызматкерлери 11-августта Бишкектин Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4 000 доллар алып жаткан жеринен кармашкан.
"10-август күнү ИИМдин тергөө кызматына О.С. аттуу тургун Жер жана суу көзөмөлдөө боюнча кызматтын кызматкерлери ири өлчөмдөгү айып салам деп коркутушканын айтып кайрылган. Арыз ээси алар маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатышканын белгилеп, чара көрүүнү өтүнгөн", — дешти ИИМден.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК: милиционербиз деп элди алдап жүргөндөр кармалды. Видео