Ош — Кара-Суу унаа жолуна түтүк кулап эки адам каза болду

Жүк ташыган автоунаанын үстүңкү бөлүгү түтүккө тийип, ал жолго кулап түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош — Кара-Суу автоунаа жолуна түтүк түшүп кетип, эки адам мерт болду. Маалыматты Ош облустук милициясынан тастыкташты.
"Жабыркаган башка адамдар ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу тергөөгө чейинки иш-чараларды жүргүзүүдө", — дешти ОИИББден.
Маалыматта айтылгандай, жүк ташуучу автоунаа жолдун үстүнөн өткөн түтүккө тийип, ал жолго кулап түшкөн.
Көлдө катуу бараткан унаа эки машина менен кагышып, бир адам каза болду. Видео