Кыргыздын алгачкы кызыл командирлери Ташкент шаарындагы В.И. Ленин атындагы Бириккен орто азиялык аскердик мектебин бүтүрүшкөн. 1932-жылы жогорудагы жарым эскадрон 53-кыргыз атчандар полкуна айланып, туу берилет. Полктун курамы кыргыз аскерлеринен турган. 1938-жылы СССРде аскердик реформа жүргүзүлүп, натыйжада 53-кыргыз атчандар полкуна 112-тоолуу кавалериялык полку деген жаңы номер ыйгарылып Өзбекстанга которулат. 1941-жылы бул асердик бөлүк Москваны коргоого катышкан.
Sputnik маалымат агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов тарых илимдеринин кандидаты Назарбек Түнтеев менен маек курган. "Красные кавалеристы Кыргызстана" аттуу китептин автору аталган полктун түптөлүш тарыхын айтып берди.
"1980-жылдары Москвадагы Советтик Армиянын архивинде 53-кыргыз атчандар полкунун тарыхын изилдегем. Андан тышкары, бул аскердик бөлүктүн ардагерлери менен жолугуп, алардын эскерүүлөрүн жазып алгам. Жогорудагы полк улуттук аскердик интеллигенициянын пайда болушуна түрткү берди. Бул полктун катарында кыргыз элинин кээ бир көрүнүктүү өкүлдөрү кызмат өтөгөн. Ишеналы Арабаев, Зияш Бектенов, Кусейин Карасаев сыяктуу туңгуч агартуучулар катардагы аскерлерге сабак берип, алардын сабатын жоюшкан. Мындан сырткары, командирлер өздүк курам үчүн кыргыз тилинде "Тактикалык-техникалык терминология боюнча буйрук берүү" аттуу сөздүк иштеп чыгышат. Республиканын жогорку жетекчилиги полкту дайым колдоп турган. Калың журт кыргыз атчандары менен аябай сыймыктанып, бул тууралуу "Советтик Кыргызстан" гезити да жазган. Полктун айрым офицерлери Улуу Ата Мекендик согушта курман болушту. Кээ бир командирлери 1944-жылы азыркы Синьцзян-Уйгур автоном округундагы боштондук кыймылына катышкан", — деди Түнтеев.
Анын божомолу боюнча, 53-кыргыз атчандар полкунун туусу Москвада РФ Куралдуу күчтөрүнүн музейинде сакталышы мүмкүн.
Тема боюнча: