Кыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту

Мелдешке 53 өлкөдөн келген 300дөн ашык окуучу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкектик окуучу Азиз Дегенбаев шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мелдеш Казакстандын Актау шаарында өткөн. Ага 53 өлкөдөн келген 300дөн ашык шахматчы катышкан. Чемпионат 12 жаштан 18 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында уюштурулду.
Дегенбаев Бишкек шаарындагы Кеңешбек Асаналиев атындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучусу. Ал Актау шаарындагы чемпионаттын финалында индиялык атаандашын жеңип, алтын медалга ээ болду.
Жаш кыргызстандыктардын Москвадагы ийгилиги