Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында 10-11-12-август күндөрү "Дүйнөлүк көчмөндөр модасы" фестивалынын бешинчи мааракелик сезону өттү. Бул жылы иш-чарага 20 өлкөдөн дизайнерлер катышты. Фестиваль жыл сайын атайын бир теманын алкагында уюштурулат. Быйыл мааракелик сезондун темасы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Дизайнерлер коллекцияларын анын чыгармаларына негиздеп тигишти. Фестивалдын кызыктуу учурлары сүрөт түрмөктө.
Тема боюнча: