Кыргызстандын банктары жарым жылда 12 млрд. сом киреше алышты

Өлкөдө 23 коммерциялык банк иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы банктар ушул жылдын алгачкы алты ай аралыгында 12 миллиард 33,6 миллион сом таза киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Анда белгиленгендей, өткөн жылдын баштапкы алты айында бул көрсөткүч 8 миллиард 644,7 миллион сомду түзгөн.
Май айынын аягына карата өлкөдө коммерциялык 23 банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Ал эми филиалдарынын саны 300дөн ашат.
Буга чейин Банктар биримдиги өткөн жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго (2021-жылдагыдан беш эке көп) жеткенин билдирген. Улуттук банкта 2022-жылдагы киреше бир аз башка суммада – 23,1 миллиард деп көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын түрдүүлүгүнөн улам болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, 2022-жылы банктардын таза кирешеси март айынан баштап өскөн (айына 1 миллиард сомдон көп). Салыштырып карай турган болсок, өлкөдөгү банктар 2023-жылдын январь-февраль айларында өткөн жылдын ушул эки айына караганда беш эсе көп киреше табышкан.
Июлда Улуттук банк 43,6 млн. доллар сатты. Резервге кандай таасир этти