БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Нью-Йоркто коронавирус жуктурган учурлар 55 пайызга көбөйүп, башка штаттарда дагы күч алууда. Бул тууралуу РИА Новости New York Post гезитине шилтеме берип жазды.
"Нью-Йорк штатынын Саламаттык сактоо департаментинин 2-августта жарыяланган акыркы маалыматында COVID-19га кабылган учурлар өткөн аптага салыштырмалуу 55 пайызга көбөйүп, штат боюнча күнүнө орточо 824 бейтап катталып жаткандыгы айтылат", — деп жазылган кабарда.
Мындан тышкары, ооруканаларга жаткырылгандардын саны 22 пайызга көбөйгөн. Күнүнө кеминде жүздөй бейтап келүүдө. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) отчетторунда көйгөй Нью-Йоркто эле эмес экендиги айтылат. Бир жуманын ичинде өлкө боюнча 8000 бейтап ооруканага жаткырылган, бул өткөн аптага салыштырмалуу 12 пайызга көп.
Нью-Йорктун саламаттык сактоо боюнча комиссары Эшви Васан патогенде анын вируленттүүлүгүнүн же өлүмгө дуушар болушун көрсөтө турган эч нерсе жок деп билдирди. Айтымында, ооруга чалдыккандардын көбөйүшү иммунитеттин төмөндөшү менен байланыштуу.
"Бул COVID жайылган учурда күтүлгөн эле нерсе", — деген Васан.
Ал эми Нью-Йорк университетинин Медицина мектебинин коомдук саламаттык сактоо боюнча кафедрасынын доценти Анна Берштейн коронавирустун мындан да коркунучтуу варианты күтүүсүз пайда болушу мүмкүн экенин айтты.
Буга чейин ДССУ COVID-19дун жаңы варианты болгон EG.5тин ("Эрис") дүйнө жүзү боюнча активдүү жайылып жатканын билдирген. Жаңы штамм азыр глобалдык масштабда ден соолукка көп коркунуч жаратпай тургандыгы айтылат.