Көлдө катуу бараткан унаа эки машина менен кагышып, бир адам каза болду. Видео

Кырсыктан дагы алты адам ар кандай жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 14-чакырымында жайгашкан Кызыл-Өрүк айылында катуу ылдамдыкта бараткан айдоочу токтоп турган машиналарды сүзүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаа күн батышты көздөй каршы тилкеге чыгып катуу ылдамдык менен бара жатып токтоп турган Volkswagen Vento унаасын сүзгөн. Андан ары Lexus LX470 үлгүсүндөгү жолтандабас менен да кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен Volkswagen Vento машинасындагы бир жүргүнчү мүрт кеткен, калган эки унаадан алты киши жаракат алган.
Азыркы учурда тийиштүү материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
ЖКККББ жол кырсыктарынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болуп жатканын эскертип, каршы тилкеге чыкпай, ылдамдыкты ашырбай. жол эрежелерин так сактап унаа башкарууну өтүнөт.
Көлдө 22 жаштагы кызды коюп кеткен мас айдоочу кайра камакка алынды