Трамп Путин үчүн иштейт. НАТО эмнеден улам ыдырашы мүмкүн экени айтылды

Буга чейин Трамп эгер 2024-жылкы шайлоодо жеңип калса, үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбай коюуга дарамети жетерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты кайра шайлоо НАТОнун ыдырашына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу швециялык экономист жана дипломат Андерс Ослунд журналист Эйнулла Фатуллаевге берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Трамп эч качан Путин тууралуу бир да жаман сөз айткан эмес. Ал Путин үчүн иштеген адам. Трамп НАТОну жок кылууга аз калды деп айтканын, альянстан АКШны чыгарып кетүүнү каалаганын жакшы билебиз. Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон эгер ал кайра шайланып калса бул ишти аягына чыгарарын айткан", — деди эксперт.
Ослунддун пикиринде, Трамп жалпы эле Батыштын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Дипломат көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Прибалтика менен Польша Вашингтондун жетекчилигине ким келбесин АКШ ар дайым алардын тарабында болоруна ишенерин кошумчалады. Бирок, анын айтымында, бул жаңылыш пикир.
Буга чейин Трамп эгер 2024-жылкы шайлоодо жеңип калса, үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбай коюуга дарамети жетерин айткан. Ошону менен катар ал Жо Байденди Украинага миллиарддап жардам берип жатканын сындап, Конгрессти аталган сумманы берүүнү колдоодон баш тартууга чакырган.
АКШ журналисти: Батыш Путиндин экономикага тийгизген таасиринен чуу түшүүдө