Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысынан 65 бала көз жумганы белгилүү болду

Препараттарды импорттогон компания жана рынокко чыгарууга уруксат берген мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзбекстанда Индиянын Marion Biotech ишканасы өндүргөн "Док-1 Макс" дарысын ичүүдөн 65 бала каза болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан сот учурунда айтылган айыптоо корутундусуна таянуу менен жазды.
Тергөөнүн натыйжасында Quramax Medikal жеке компаниясын жана Фармацевтикалык агенттигинин кызматкерлери кылмышка айыпталган.
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы өткөн жылдын декабрында балдардын "Док-1 Макс" сиробун ичип көз жумушу боюнча кылмыш ишин козгоп, Quramax Medikal (дарыны импорттоочу) жана "Дарыларды стандартташтыруу илимий борбору" ЖЧКсынын кызмат адамдарын кармаган. Анда бийлик Marion Biotech чыгарган препараттардын баарын, анын ичинде "Цинепар кид", "Травамакс" жана "Амбронол" дарыларын сатууну токтоткон.
Ведомствонун маалыматына ылайык, дарылар илимий борбордун лабораториясынан сыноодон өтүп, колдонууга сертификаттар берилген. Бирок изилдөөлөр укуктук-нормаларды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, сапатсыз дарыларды рынокко чыгарууга жол ачышкан.
Жыл башында фармагенттик Marion Biotech ишканасы өндүргөн препараттардын Өзбекстанга алып келинген партиясынын курамында этиленгликолдун көлөмү медициналык эрежеде каралган нормадан 300 эсе жогору болгонун аныктаган. Ал эми февралда аталган агенттиктин жана Дарыларды стандартташтыруу жана экспертиза борборунун мурдагы жетекчиси Сардор Кариев да камалган. Укук коргоо органдары андан кийин бул иш тууралуу айта элек болчу.
Коңшу өлкөдө 2022-жылдын 22-декабрынан тарта "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынган.
"Док-1 Макс" таблеткалары менен сиробу Кыргызстанга акыркы жолу 2021-жылы алып келинген. Бактыга жараша, Саламаттык сактоо министрлигине эч кандай терс реакция тууралуу билдирүү түшкөн эмес.
Дүйнө жүзүндөгү ар бир 33-бала кемтик менен төрөлөт. Алдын алуу жолдору