Радио

Чекирбаев: өлкөдөгү айыл чарба продукциянын 80%ы органика болуп саналат

Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
Өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын 80 пайызы органика болуп саналат. Бул тууралуу Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жер семирткичтердин кымбаттап жатканы абалды дагы жакшыртышы ыктымал.
"Өнүккөн өлкөлөрдө пестициддерди, химиялык жер семирткичтерди колдонуудан улам ден соолуктары зыянга учурап жатканы аныкталууда. Ал тургай зыяндуу тамак-аш демографияга дагы терс таасирин тийгизип жатканы изилдөөлөрдө айтылып жатат. Ошондуктан ал жакта органикалык айыл чарбага өтүү колго алынууда. Бизге бул нерсе жаңыдан келип жатат. Ошол эле учурда өлкөдө химиялык, нефтепродукция чыгарган ири ишкана жок. Мунун баары сырттан импорттолуп келет. Андыктан өлкөдөгү продукциялардын 80 пайызы органика болуп саналат. Дыйкан чарбалардын көбү чакан болуп, алар химиялык жер семирткичтерди дээрлик колдонбойт. Ошондой эле алыскы аймактарга пестициддер да жетпейт. Көпчүлүк дыйкандар органика менен иштеп жатканын деле биле беришпейт. Болгону өлкөдөгү продукция документтин негизинде органика катары катталбайт. Себеби сертификаттоочу лабораториялар өлкөдө жок. Мына ушул жагдайды оңдоо үчүн шарт түзүп берүү зарыл. Ал үчүн инфраструктураны, маалымдоону жана билимди жакшыртуу керек. Ошол максатта быйыл бюджеттен миллиард сом бөлүндү. Аны органикалык багытта иштеген ишкерлерге төмөн пайыз менен насыяга берүү колго алынууда", — деди Чекирбаев.
Ошондой эле ал кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү үчүн айрым минералдык заттар керек экенин кошумчалады.