Нарында муниципалдык наабайкана ишке кирип, күнүнө 400 бөлкө нан чыгара баштады

Суроо-талапка жараша күнүнө 2000 даана нан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нарын шаарында муниципалдык наабайкана ишке кирип, күнүнө 300-400 даана дрожь кошулмаларысыз табигый ыкма менен ачытылган бөлкө нандарды чыгарып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди
1 / 3

Нарын шаарында муниципалдык наабайкана ишке кирип, күнүнө 300-400 даана дрожь кошулмаларысыз табигый ыкма менен ачытылган бөлкө нандарды чыгарып жатат

2 / 3

Аталган нан чыгаруучу цех Ас-Салам кайрымдуулук фонду тарабынан салынып, жабдуулар менен камсыздалган. Кийин Нарын шаардык мэриясынын менчигине өткөн.

3 / 3

Бүгүн, 11-августта, облус жетекчиси Алтынбек Эргешов наабайкананын ишин көргөнү барган

Аталган нан чыгаруучу цех Ас-Салам кайрымдуулук фонду тарабынан салынып, жабдуулар менен камсыздалган. Кийин Нарын шаардык мэриясынын менчигине өткөн. Бүгүн, 11-августта, облус жетекчиси Алтынбек Эргешов наабайкананын ишин көргөнү барган.
Муниципалдык ишкананын жетекчиси Эрлан Жаанбаев билдиргендей, бул жерде азырынча төрт адам иштеп жатат. Суроо-талапка жараша күнүнө 2000 даана нан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Жумуш орундарын дагы 50гө чейин көбөйтүү пландалган.
"Бул бөлкө нан дрожь кошулмаларысыз, табигый жол менен ачытылып бышырылат. Дүкөндөргө 23 сомдон жеткирилип, 25 сомдон сатыкка коюлууда. Мындан сырткары, бала бакчаларды, мектептерди, мекемелерди камсыздоо келишимдери түзүлүүдө. Киреше жергиликтүү бюджетке түшөт", — деди Жаанбаев.
Аталган цехте жумуш орундарын 50гө чейин көбөйтүү пландалууда.
Кара-Суунун Баш-Булак айылында акысыз азык-түлүк берген дүкөн ачылды