"Восточный" космодромунан учурулган Россиянын автоматтык "Луна-25" станциясы аны Айга учуу траекториясына чыгарган ылдамдатуучу "Фрегат" блогунан бөлүнүп чыкты. Бул тууралуу "Роскосмос" билдиргенин Sputnik радиосу кабарлады.
"Автоматтык станция Айга учуу траекториясына чыгарылды жана "Фрегат" блогунан бөлүнүп чыкты. Автоматтык станция бийиктиги 100 чакырымга жеткен Айды айланган орбитага 16-августта чыгып, ал эми Жердин спутнигине 21-августта конору күтүлүүдө (эллипс борборунун координаттары түштүк кеңдиги 69,5450 градус жана чыгыш узактыгы 43,5440 градус)", — деп айтылат маалыматта.
"Союз 2.1б" ракетасы "Восточный" космодромунан Москва убактысы боюнча саат 02:11де учурулган. Тогуз мүнөттөн кийин "Луна-25" станциясы менен бараткан "Фрегат" ылдам блогу ракетанын үчүнчү баскычынан бөлүнүп, Жерди айланган орбитага чыккан.
"Луна-25" Айдын Түштүк уюлуна конгон биринчи станция болмокчу. Буга чейинкилердин баары экватордук аймакка конгон.
Станциянын негизги максаты — муздун бар-жогун аныктоо үчүн Айдын топурагына изилдөө жүргүзүү.
Советтик космостук "Луна-24" соңку аппараты Жердин спутнигине 1976-жылы учурулган.
Тема боюнча: