БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Газпромбанктын ЕАЭБдин алкагындагы өнөктөштөр үчүн чечимдери" аттуу эл аралык конференция өтүп жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.
Иш-чарага КРдин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, финансы министри Алмаз Бакетаев, "Газпромбанк" АКнын аткаруучу вице-президенти Олег Мельников жана башкалар катышты. Конференцияны "Газпромбанк" КРдин Финансы министрлигинин колдоосу менен уюштурду.
Анын катышуучулары Россия менен Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар системасындагы келишимдерди банктык коштоо жыйынтыктары менен таанышып, ири компаниялар менен өнүктүрүү институттарынын банктык коштоо практикасы боюнча маалымат алышты.
Мындан тышкары, "Газпромбанктын" өкүлдөрү Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин колдоосу менен ЕАЭБдин аймагында экспорттук келишимдерди каржылоонун жаңы механизмдери тууралуу айтып беришти.
Учурда Кыргызстандын Финансы министрлигинин кароосунда турган долбоорлордун тизмеси түзүлгөнү белгиленди.