Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Жыйын дээрлик бир жумага созулду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталганын КР өкмөтү кабарлады.
Жолугушуу 4-августта башталып, 10-августка чейин уланды. Натыйжада тиешелүү протоколдорго кол коюлуп, иш-чара жалпы жонунан достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнү айтылды.
Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу эми Кыргызстанда болот.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 950 чакырымдан арбыныраак. Буга чейин тараптар 626 чакырым боюнча долбоордук тактоо, сүрөттөп чыгуу иштери жасалганы айтылган.
2021-жылдын май айынан тарта топографиялык топтор кыргыз-тажик чек арасынын 101, 86 чакырымын тактап, сүрөттөп жазып чыгышканы маалым.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тактала элек 290 чакырым жер калды