Көлдө 22 жаштагы кызды коюп кеткен мас айдоочу кайра камакка алынды

Буга чейин маркумдун ата-энеси айдоочу үй камагына чыгып кеткенине нааразы болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында 22 жаштагы кызды коюп кеткен айдоочу кайра камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 5-августта болжол менен саат 23:40тар чамасында болгон. Анда К.А. аттуу айдоочу Toyota Camry автоунаасы менен жолдон өтүп бараткан кызды койдуруп кеткен. Жабырлануучу төрт күн комада жатып, өзүнө келе албай көз жумду. Кыздын апасы Дамира Мусалиева милициянын айдоочу кырсык учурунда мас болгон деген тастыкмасын көрсөтүп, райондук сот шектүүнүн бөгөт чарасын карап үй камагына чыгарганына нааразылыгын билдирген.
Облустук соттун маалыматына ылайык, кыз каза болгондун эртеси тергөөчү шектүүнүн айыбы оорураак беренеге өзгөртүлгөндүктөн, камакка алуу бөгөт чарасын колдонуу өтүнүчүн келтирип кайра эле ошол Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Судья 10-августта өтүнүчтү канааттандырып, айдоочуну эки айга тергөө абагына киргизген.
Кара-Балтада эки унаа айдап бараткан ага-ини туугандар сүзүшүп, бирөө каза болду