Чолпон-Атада Борбор Азиядан чогулган жаштардын форуму өттү. Видео

Көл жээгиндеги иш-чарага жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Борбор Азиянын жаштар форуму өттү.
Аталган иш-чара кечээ, 10-августта, башталган, бүгүн жыйынтыкталды.
Форумдун алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын көрүнүктүү жаш лидерлери, активисттери, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жолугушту.
1 / 4

Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Борбор Азиянын жаштар форуму өттү

2 / 4

Аталган иш-чара кечээ, 10-августта, башталган, бүгүн жыйынтыкталды

3 / 4

Форумдун алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын көрүнүктүү жаш лидерлери, активисттери, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жолугушту

4 / 4

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов иш-чаранын максаты чыгармачылык идеяларды жана билимди алмашуучу аянтча түзүү экенин белгиледи

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов иш-чаранын максаты чыгармачылык идеяларды жана билимди алмашуучу аянтча түзүү экенин белгиледи. Чиновник мунун баары жаштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.
"Форум достукту бекемдөөчү идея, жаңы долбоорлордун башталышы болот деп үмүттөнөм. Келиңиздер, Борбор Азияны жаштар өз потенциалын толугу менен ишке ашыра ала турган аянтчага айланталы", — деди министр.
Чолпон-Атада ири музыкалык фестиваль өтөт