Радио

Акыркы 7 айда Бишкектеги лифтилерде 2000ге жакын авария катталды

"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев аталган мекеменин карамагындагы лифтилердин 80 пайызы алмаштырууга муктаж экенин айтты.
Sputnik
Бишкекте жыл соӊуна чейин көп кабаттуу үйлөрдөгү 100 лифт алмаштырылат. Октябрь районунда 48, Свердлов районунда 40тан ашык, ал эми калганы Ленин, Аламүдүн райондорундагы имараттардагы лифтилер жаӊыланат. Бул тууралуу Майрамбек Саманчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым лифтилерди көп кабаттуу үйдүн жашоочулары өз каражатына капиталдык ремонттон өткөрүп жатышат.
"Борбор калаадагы көп кабаттуу имарат, үйлөрдө 2000ден ашык лифт иштесе, 972си "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндө. Анын 643ү муниципалдык, ал эми 329 лифт жеке менчик лифт болуп саналат. Учурда иштеп жаткан 589 лифт алмаштырылууга муктаж. Жалпысынан "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк программасынын алкагында 2023-жылга 100 даана муниципалдык лифтти алмаштыруу каралган. Азыркы учурда келишимдин шарты боюнча 59 лифт алып келинип, алардын ичинен 47 лифт толугу менен алмаштырылды, азыр иштеп жатат. Бүгүнкү күндө муниципалдык ишкана тарабынан 12 лифтини модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Лифтилерди жергиликтүү "Кыргыз Унаа Курулуш" өндүрүштүк компаниясы жасап берүүдө (өздүк наркы бир миллион 190 миӊ сом). Үч жыл бөлүп төлөө менен 1 миллион 760 миӊ сомго бааланды. Каражат Бишкек мэриясы тарабынан бөлүнөт", — деди Саманчиев.
Ал акыркы жети айда шаардагы лифтилерде 2000ге жакын авария болгонун кошумчалады.