Ош мэриясы баланы мектепке каттоодо кандай документтер талап кылынарын эскертти

Муниципалитет аталган маселе боюнча ата-энелерден кайрылуулар көп түшүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош мэриясы 1-класска баруучу баланы мектепке каттоо учурунда жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы боюнча маалым кат талап кылынбай турганын эскертти.
Муниципалитет аталган маселе боюнча ата-энелерден кайрылуулар көп түшүп жатканын белгиледи.
Баланы мектепке кабыл алууда талап кылынган документтер:
Жашаган жери боюнча жалпы билим берүүчү уюмга кабыл алуу тууралуу ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) биринин арызы;
Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн баланын жана ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) биринин ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту;
Ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалым каттын (белгиленген формадагы) түп нускасы, алынган эмдөөлөр жөнүндө маалым каттын (белгиленген формадагы) түп нускасы;
3х4 сантиметр өлчөмүндөгү баланын сүрөтү.
Балдарды мектептин 1-классына кабыл алууга жооптуу жетекчиге каралбаган документтерди талап кылууга тыюу салынат. Электрондук кезек аркылуу каттоодон өтүү керектиги да эскертилди.
Радио
Министрлик ата-энелерден балдарды 1-класска каттоону тездетүүнү суранды