Кара-Балтада эки унаа айдап бараткан ага-ини туугандар сүзүшүп, бирөө каза болду

Кырсык Кара-Балта шаары менен Степное айылынын ортосунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кечээ, 9-августта, Кара-Балта — Степное жолунун 21-чакырымында үрөй учурган кырсык катталды.
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Toyota Carina жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар карама-каршы багытта келе жатып кагышканын билдирди. Кырсыктын кесепетинен Toyota унаасынын айдоочусу набыт болуп, үч жүргүнчү жаракат алган. Алар райондук ооруканага жеткирилгени белгиленди. Окуя катталган жерге жол инспекторлору барган.
Милициядагы маалымат булагы сүзүшкөн эки машинанын айдоочулары ага-ини туугандар болгонун айтты.
Көлдө мас айдоочу коюп кеткен 22 жаштагы кыз каза болду. Кырсыктын видеосу