Көлдө мас айдоочу коюп кеткен 22 жаштагы кыз каза болду. Кырсыктын видеосу

Кыздын туугандары айдоочунун үй камагына чыкканына нааразы болуп иш акыйкат каралышын талап кылышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Балыкчы — Каракол жолунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында 22 жаштагы кызды автоунаа коюп кетип каза болду. Маркумдун апасы Дамира Мусалиева кырсыкка забын болгон айдоочу үй камагына чыкканына нааразы болуп Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.
Анын айтымында, окуя 5-августта болжол менен саат 23:40тар чамасында болгон. Анда К.А. аттуу айдоочу Toyota Camri автоунаасы менен жолдон өтүп бараткан кызды койдуруп кеткен. Мусалиева айдоочу кырсык учурунда мас болгонун билдирип, милиция тарабынан тастыкталган документти көрсөттү.
Жабырлануучу Ат-Башы районунун тургуну Нуриза Акылбекова кырсыктан кийин Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыздын жамбашы, ийиндери, тизесинен ылдыйкы сөөктөрү сынып кеткени, табарсыгы жарылып, ички органдары жабыркаганы айтылган. Дарыгерлердин бүтүмүндө жабырлануучунун комага түшүп, мээси шишип кеткени белгиленген. Тилекке каршы, кечээ кечинде Акылбекова ооруканада көз жумган.
"Бул иш боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү 38 жаштагы айдоочуну бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндө өтүнүчүн Ысык-Көл райондук сотуна берген. Бирок ишти караган Ысык-Көл райондук соту аны эки айлык мөөнөткө, 6-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарып койду", — деди маркумдун апасы.
Жабырлануучунун туугандары шектүүнүн үй камагына чыкканына нааразы болуп, иш акыйкат каралышын талап кылышууда.
Бул иш боюнча Ысык-Көл орблустук сотунун жана Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматтары тактап, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.
Бишкек – Ош жолунда адам өмүрүн алган автокырсык болду. Видео