БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда көпчүлүк нефтетрейдерлер дизелдин баасын сезилерлик төмөндөттү. Бул туурасында күйүүчү май саткан жайлардын сайттарынан байкоого болот.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 5-августта Салык жана Антимонополия кызматтарынын башчыларын, нефтетрейдерлерди топтогон. Ал учурда дизель майы өтө кымбат экенин айтып, бир литрин 63-64 сомго чейин арзандатуу зарылдыгын (анда 70 сомдун тегерегинде болчу) белгилеген. Ал эми нефтетрейдерлер буга макул болгону айтылган.
Сүрөттө май куюучу жайлардын бириндеги баанын Ташиев менен жолугушуудан кийинки өзгөрүшү.