Энергетика министри: Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтөт

Бийлик Бишкек менен Чүйдүн аймактарын толугу менен газдаштырууну көздөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев РИА Новости агенттиги үчүн курган маегинде айтты.
Ага өлкө бийлигинин көгүлтүр отту сатып алуунун көлөмүн азайтуу же көбөйтүү боюнча ниети кандай экени тууралуу суроо узатылган.
"Керектөө жогорулай турганы күтүлүп жаткандыктан сатып алууларды көбөйтүү пландалууда. Биз Бишкекти жана Чүй облусунун райондорун толугу менен газдаштырууну көздөп жатабыз. Мындан тышкары, борбор калаадагы ТЭЦти газга өткөрүү мерчемделген", — деди Ибраев.
Анын айтымына караганда, Чалдыбарда кубаттуулугу 500 мегаватка жеткен газ электростанциясын куруу маселеси дагы каралууда.
Ташиевдин сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанда дизель арзандады