Кыргызстан Россиядан эки эсе көп электр энергия сатып алууну пландап жатат

Жыл башында Россия тарап жылына 3 миллиард киловатт-сааттык дефицитти жаап берүүгө даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан жыл соңуна чейин Россиядан 1,5 миллиард киловатт-сааттык электр энергия алууну пландап жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев РИА Новости агенттигине курган маегинде билдирди.
Ага Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн электр энергия сатып алып жатканы тууралуу суроо узатылган.
"Түркмөнстандан, Казакстандан, Россиядан, Өзбекстандан... Өзбекстан аркылуу болгону ташылат. Быйыл Түркмөнстандын жана Россиянын электр энергиясын алып жатабыз. "Туркменэнерго" жана "Интер РАО" менен келишимибиз бар. Жыл соңуна чейин бизге "Интер РАО" 1,5 миллиард киловатт-саат, "Туркменэнерго" 1,6 миллиард киловатт-саат жеткирет деп күтүп жатабыз. Келерки жылы Түркмөнстандан 1,7 миллиард киловатт-саат импорттоо пландалууда", — деди Ибраев.
Эске салсак, март айынын соңунда Кыргызстан 2023/2024 жылытуу сезонунда Россиядан 875 миллион киловатт-саат импорттой турганы кабарланган. Россия тарап жылына 3 миллиард киловатт-сааттык дефицитти жаап берүүгө даяр экенин билдирген.
"Интер РАО" — диверсификацияланган энергетикалык холдинг. Ал Россиянын, Европа жана КМШ мамлекеттеринин активдерин башкарат. Бул РФтин электр энергиясын экспорттогон жана импорттогон жалгыз оператор.
Энергетика министри: Кыргызстан россиялык газдын импортун көбөйтөт