Кыргызстанга Роналдиньо, Пуйоль сыяктуу "Барселонанын" легендалары келет

Мындан тышкары, Жалал-Абад менен Бишкекте "Барселонанын" футбол академиялары ачыла турганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Август айынын соңунда Кыргызстанга "Барселона" футбол клубунун легендарлуу оюнчулары келет. Бул тууралуу Barca Experience Kyrgyzstan кабарлады.
30-август күнү алар Борбор Азиянын белгилүү футболчулары менен Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргызстанга келе турган белгилүү футболчулардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Педро Савиола бар. Мындан тышкары, Жалал-Абад менен Бишкекте "Барселонанын" футбол академиялары ачыла турганы кабарланды.
"Амбициялуу жаш оюнчулар мыкты машыктыруучулардан уникалдуу оюн стилин үйрөнө алышат", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чара 28-30-августка белгиленди.
Гүлжигит Алыкулов "Неман" футболдук клубуна кайтты