Эквадордо президенттикке талапкерди үгүт маалында атып кетишти. Видео

Кылмышка шектелген жаран да коопсуздук кызматы менен атышып жатканда ок жеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эквадордун президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсьону шайлоонун алдында Кито шаарында үгүт акциясын жүргүзүп жаткан маалда атып кетишти. Бул туурасында El Universo гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
Кечээ, 9-августта, эл менен жолугуп чыгып автоунаасына отуруп жатканда талапкердин башына үч ок тийген. Ал каза болгон.
Мындан сырткары, сегиз адам жаракат алган, анын ичинен жетөө ооруканага жаткырылганы айтылды.
Талапкерди өлтүрүүгө шектелген жаран да коопсуздук кызматы менен атышып жатканда ок тийип набыт болгонун өлкөнүн прокуратурасы билдирген.
Соңку сурамжылоолор боюнча, Вильявисенсьо жеңишке жете ала тургандай добуш алууга дарамети болгон эмес. Эквадордо президенттик шайлоо 20-августта өтөт.
Сүйлөп жаткан Япония премьер-министринин жардыруудан аман калган видеосу