ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү дээрлик 3%га жогорулады

ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өсүүлөр байкалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Быйылкы жарым жылдыкта Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукцияларын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайызга көбөйдү. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин баарында өсүүлөр байкалган. Тагыраак айтканда, негизинен мал чарбачылыгында өндүрүлгөн продукциянын негизи түрү болгон мал жана канаттуулар 2,6 пайызга, сүт 3,4 пайыз, жумуртка 1,7 пайызга көбөйгөн.
Кыргызстандын минералдык сууларынын экспорту 4 эсе өстү. Алган өлкөлөр