Чолпон-Атада самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт

Чемпионаттын алкагында бир катар салмак категорияларда беттештер өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында 22-23-август күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
"Газпром-балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтө турган мелдешке 15ке жакын өлкөдөн келген 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:
эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;
эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;
кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда биринчи жолу Самбо боюнча дүйнө чемпионаты өткөн.
Балыкчылык киши Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты. Сүрөт