"Армия-2023" форумунда алгачкы жолу "Ярс" жана "Авангард" комплекстери көрсөтүлөт

Форумда минаны аралыктан зыянсыздандырган "Листва" машинасы дагы сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Стратегиялык багыттагы ракеталык аскерлердин (СБРА) "Ярс" жана "Авангард" комплекстери алгачкы жолу "Армия-2023" форумунда көрсөтүлөт. Бул тууралуу СБРАнын командачысы, генерал-полковник Сергей Каракаев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Армия-2023" эл аралык аскердик-техникалык форуму Москванын четиндеги "Патриот" паркында 14-20-август аралыгында өтөт.
"Биринчи жолу "Патриот" көргөзмө борборунун ачык асман аянтында СБРАнын аскердик жана атайын техникалары көрсөтүлөт. Көптөгөн кайрылууларды жана форумдун туруктуу катышуучуларынын, ракеталык аскер ардагерлеринин өтүнүчү менен "Тополь" менен кошо "Ярс" мобилдик-ракеталык комплекси көрсөтүлөт. Бул экспозиция СБРА мобилдик тобун кайра куралдандыруунун символу болуп калмакчы", — деди Каракаев "Красная Звезда" гезитиндеги маегинде.
Генералдын айтымында, мындан тышкары, элге биринчи жолу континенттер аралык баллистикалык "Авангард" ракетасы дагы көрсөтүлөт. Ошондой эле форумда минаны аралыктан зыянсыздандырган "Листва" машинасы презентацияланат.
“Сколково” резиденттери "Армия-2023" форумунда технологиялык жабдууларды көргөзөт