Ысык-Көлдө "Алтын балалыкка" жакын жерде 14 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти

Кыздардын ата-энелери соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн жана айыптоодон баш тартышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" реабилитациялык комплексине жакын жерде 14 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.
5-августта милицияга Тез жардам кызматынан "Алтын балалыкка" жакын жердеги пляжда эки өспүрүм кыз сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине дароо милиция өкүлдөрү барган.
"Бул күнү 14 жаштагы эки нарындык кыз пляжда сууга түшүп жатканда чөгө баштаганы такталды. Алардын бирин медиктер куткарып калган. Учурда райондук оорукананын реанимациясында жатат. Экинчиси каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта.
Кыздардын ата-энелери соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн жана айыптоодон баш тартышты. Материалдар учурда милиция тарабынан каралып жатат.
Эми Ысык-Көлдүн пляждарына бардык эс алуучулар кире алат. Жапаровдун жарлыгы