Пресс-борбор

Далбаев: Ысык-Көлдө 12 пансионатта гана чыпкалоочу курулма жок

Облустагы өнөр жай жана башка ишканалар сууну булгап жатканын аныктаган жабдуулар орнотулат. Мындай ыкма Корея, Финляндияда колдонулуп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө 12 пансионатта гана чыпкалоочу курулмалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Таалай Далбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы курорттук аймактарда суу кампасы, суу түтүктөрү, канализациялык түйүнү, канализациялык насостук станциясы жана чыпкалоочу курулмалары жок санаторийлерди, пансионаттарды, мейманканаларды жабуу тапшырмасын берген.
"Ысык-Көлдө 12 пансионаттын гана чыпкалоочу курулмалары жок. Буга байланыштуу алар иштебей турат. Биз суу стратегиясы боюнча иш-чаралардын планын түздүк. Анда чыпкалоочу курулмаларды куруу дагы каралган", — деди Далбаев.
Ал көзөмөл системасы катуулай турганына да токтолду.
"Скутерлердин айынан көлдүн үстүндө пайда болгон бензиндин тактары боюнча айта кетсем, жакынкы аралыкта административдик жаза менен айып пулдун өлчөмү кайра каралат. Көзөмөл системасы катуулайт", — деди Далбаев.
Анын айтымында, өнөр жай жана башка ишканалар сууну булгап жатканын аныктаган жабдуулар орнотулат. Мындай ыкма Корея, Финляндияда колдонулуп келет. Жабдуу радио толкун аркылуу суунун сапаты тууралуу маалымат берип турат.
Пресс-борбор
Ысык-Көлдүн суусу тартылууда. Себептери