“Сколково” резиденттери "Армия-2023" форумунда технологиялык жабдууларды көргөзөт

Быйыл көргөзмөгө “Сколковонун” сегиз резиденти катышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. “Сколково” борборунун резиденттери 14-20-август аралыгында Москва облусунун Кубинка шаарында өтө турган “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумунда жаңы иштелип чыккан жабдууларды жана технологияларды тартуулашат. Бул тууралуу борбордун маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта “Патриот” паркындагы стенддерде жогорку ылдамдыктагы камералар, дрондор, түнкү көрүү системалары, ошондой эле колго кармалуучу 3D сканерлер көрсөтүлөрү айтылган.
Быйыл көргөзмөгө “Сколковонун” резиденттик сегиз компаниясы катышууда. Алардын бири Scanform лазердик жарыктандыруусу бар 3D сканерин көрсөтөт. Ал эми 3D сканерлөө программасын "РВ 3Д технологиялары" компаниясы тартуулайт. “Сколковонун” дагы бир резиденти ВСКАМ жогорку ылдамдыктагы камераларды жана башка оптомеханикалык түзүлүштөрдү, системаларды иштеп чыгуу менен алектенет. Форумда аталган компания аралыктан диагностикалоо жана учак кыймылдаткычтарын оңдоо боюнча чечимдерди көрсөтөрү пландалууда.
“Лосев” илимий-өндүрүштүк ишканасы болсо жакынкы жана алыскы жарыктар үчүн инновациялык светодиоддук модулду, туманга каршы лампаны көрсөтөт. Мындан башка дагы компаниялар заманбап, акыркы үлгүдөгү технологияларын көргөзмөдө сунуштамакчы.