"Бийлик өлкөдөгү сууну кантип үнөмдөп жана пайдалана алат?". Брифинг

Иш-чара 9-августта саат 11:00дө онлайн-форматта өтөт.
Sputnik
Брифингдин түз эфири Sputnik Кыргызстандын "Вконтакте" социалдык тармагында болот.
Кыргызстандын 2023-2025-жылдарга каралган суу боюнча улуттук стратегиясынын иш-чараларынын планы бекитилген. Анын башкы максаты — суу ресурстарын булгануудан, соолуп калуудан сактоо, сууну үнөмдөө, тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте майнаптуу пайдалана турган системаны түзүү.
Чакырылган төмөнкү коноктор бул темада кеңири маалымат бермекчи:
Далбаев Таалай Абасканович — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси;
Абдрасулов Эркинбек Аскарбекович — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси.
Урматтуу кесиптештер, суроолор болсо (0772) 17-54-88 Telegram-номерине жиберсеңиздер модератор аны түз эфирде берет.