Министрлик: энергетикалык суусундук убактылуу күч бергени менен ден соолукка зыян

Мындай суусундукту сатып аларда сыртындагы курамы менен толук таанышуу кажет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти энергетикалык суусундуктардын ден соолукка зыян экенин эскертти.

"Курамында кофеин, таурин, глюкуронолактон жана башка активдүү заттар адамга убактылуу күч берип, сергитиши мүмкүн. Бирок мындай суусундуктарды ичүү ден соолукка зыян", — деди адис.

Мекеме адистери эске алуучу жагдайларды тизмектеди:
Чектен ашпоо. Энергетикалык суусундуктун күнүмдүк нормасы анын сыртында көрсөтүлгөн. Андан ашыкча ичилсе неврологиялык жана жүрөк-кан тамыр системаларында көйгөй жаралат.
Балдарга жана кош бойлуу аялдарга ичкенге тыюу салынат.
Алкоголдук ичимдик менен кошо ичүү же аралаштырып ичүүгө болбойт. Мындайда адам өзүн соо, сергек сезип, бирок кийинчерээк терс көрүнүштөр жаралышы мүмкүн.
Мындай суусундукту сатып аларда сыртындагы курамы менен толук таанышуу кажет. Ар бир адамдын организми ар түрдүү, андыктан аны кабыл алуу да түрдүүчө болот.
Бир дагы энергетикалык суусундук толук кандуу уйку, өз учурунда тамактануу жана сергек жашоо образынын ордун баса албайт.
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды