БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алиев Суранбай 8-август күнү 103 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аксакал 1920-жылдын 10-майында Алай районуна караштуу Жошолу айылында жарык дүйнөгө келген. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, согушка аттанган. Советтер Союзунун Саратов, Волгоград, Калининград, Ростов-на-Дону шаарларын коргоого жана бошотууга катышкан. 1944-жылдын декабрь айында немецтик фашисттер менен болгон катуу кармашта оң колунан оор жаракат алып, госпиталга жаткырылып, андан кийин мекенине кайтып келген.
Өмүрлүк жары менен төрт уул, төрт кызды чоңойтуп, 80ге жакын небере-чөбөрөлүү болгон.
2019-жылы РФ президенти Владимир Путиндин атайын сыйлыктары менен сыйланган. Ошондой эле Москва шаарына сыйлуу конок катары чакырылып, 12 ардагер менен бирге майрамдык салтанатка катышып келген.