БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Америкалык сенатор Роберт Менендес президент Садыр Жапаровго Россияга каршы санкцияларды дыкат сактоо өтүнүчү менен кат жазды. Бул тууралуу "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналы жазды.
Буга чейин Кыргызстандын бийлиги санкцияларды айланып өтүүгө жол ачканы үчүн чектөөлөрдү киргизүү кооптуулугу турат деп ЖМКларга жарыяланган маалыматка жооп берген.
19-июлда Экономика министрлиги "Инвест Импульс" ЖЧКсы Казакстан аркылуу 14 учкучсуз аппаратты транзит менен ташыганы тууралуу комментарий берген. Ведомство мындай учур 2022-жылы катталып, компания жоопко тартылганын белгилеген. Бирок ишкана дрондор айыл чарба багытында кеңири колдонулуп жаткандыктан ал экспорттук көзөмөлгө алынарын билбей калганы айтылган.
Анын эртеси УКМК АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн Россияга киргизген санкциялык чектөөлөрүн бузууга мамлекеттик түзүмдөр менен ишканалардын эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.