Радио

Министр: жаштар менен иштөөгө бөлүнгөн каражат 10 эсе өстү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министри Алтынбек Максутов жаштар менен иш алып баруу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты.
Sputnik
Биздин министрликте жаштар менен иш алып баруучу департамент бар. Ага жылына төрт миллион сом каралып келсе, быйыл 40 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Министрдин айтымында, жаштар менен иш алып баруу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.
"Биздин министрликке өлкөнүн жаштары менен иштөө милдети да жүктөлгөн. Бул тармак абдан чоң. Бардык багыттарда жаштарыбыз бар. Аларды туура идеология менен сугаруу бизге коюлган тапшырмалардын бири. Жыл сайын биздин министрликке бул багытка жумшоого төрт миллион сомдон бөлүнүп келген. Быйыл бул каражат 40 миллионго жетти. Учурда атайын программалар түзүлүп, анын негизинде иш алып барып жатабыз", — деди Максутов.
Ал жаштардын айрым дымактуу долбоорлору министрликке жетпей калбашы үчүн район, айылдарга жаштар борборлорун түзүү колго алынып жаткандыгын кошумчалады.