Учурда кыргыз кинолорунун тартуу иштери аз эле убакытта бүтүп калып жаткандыгын Алмаз Жангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, даярдык иштерине дыкат көңүл бурулса сапаттуу фильмдер көбүрөөк жаралмак.
"Азыркы кезде, баарыбыз байкагандай, өтө көп тасмалар жарык көрүүдө. Ошол эле маалда айрым долбоорлор даярдыксыз эле тартылып жатат. Каражат табылгандан кийин эле дароо тартуу иштери башталып кетүүдө. Жакында эле мага иштөөгө сунуш түшүп, съемка үч күндөн кийин башталарын айтышты. Бул абдан аз убакыт. Мен суранып жатып бир жумага узарттым. Анткени даярдык мыкты болсо, тасма да мыкты болот. Эгерде ар бир кино жаратуучу олуттуу мамиле жасап, фильмдин темасына жараша түрлүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн учурда сапаттуу тасмалар көбүрөөк пайда болмок. Мен даярдыкка өзгөчө маани бергим келет. Мисалы, үй-бүлө темасын чагылдыргысы келген режиссер психологдор менен иштешип, тереңирээк маалымат топтоосу кажет", — деди Жангазиев.
Ал бир тасманын сценарийи эле алты айдан жарым жылга чейинки аралыкта даярдалышы керектигин кошумчалады.