Түштүк Осетияда россиялык тынчтык орнотуучулар эскерилди. Видео

Эскерүүгө министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү жана республиканын жашоочулары келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Түштүк Осетияда россиялык тынчтык орнотуучулар батальону мурда жайгашкан аймакта эскерүү иш-чарасы болду. Бул туурасындагы видеомаалыматты Sputnik Южная Осетия Telergam каналы таратты.
2008-жылы август айында агрессорлордун биринчи соккусу аларга урулган. Тынчтык орнотуучулар жайгашкан имарат түп орду менен өрттөнүп кеткен. Түштүк Осетиянын президенти Алан Гаглоев жана Россиянын аталган республикадагы элчиси Марат Кулахметов тынчтык орнотуучуларга арналган эстеликке гүл койду.
Иш-чарага министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү жана республиканын жашоочулары келишкен.
Россиялык тынчтык орнотуучулар батальонунун мурдагы аймагына жоокерлерди эскерүү үчүн эстелик таш быйыл коюлган.
Абадан немецтик учакты сүзүп, аман калган советтик лейтенант. Тарыхты эскерген видео