Ошто комиссия 39 мечитти, 21 диний окуу жайды убактылуу жапты

Комиссия радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлорду аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ведомстволор аралык жумушчу топ 20-июлдан бери Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерип жатат. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Комиссиянын курамына УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, муфтият, ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлиги, облустук администрация жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кирген.
1 / 3

Ведомстволор аралык жумушчу топ 20-июлдан бери Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерип жатат

2 / 3

Комиссиянын курамына УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, муфтият, ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлиги, облустук администрация жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү кирген

3 / 3

Жумушчу топ Ошто мечит, медреселерди башаламан куруу, диний окуу жайларда билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, формалдуу эмес диний түзүмдөрдөгү (худжра, таалим, дарс жана башка) окутуу процессине көзөмөлдүн жоктугу радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлор экенин аныктаган

Жумушчу топ Ошто мечит, медреселерди башаламан куруу, диний окуу жайларда билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, формалдуу эмес диний түзүмдөрдөгү (худжра, таалим, дарс жана башка) окутуу процессине көзөмөлдүн жоктугу радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлор экенин аныктаган.
Ал эми мыйзамдарды бузуу боюнча төмөнкүдөй чаралар колдонулду:
39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду;
39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды;
39 мечиттин "кызыл сызыкка" курулганы үчүн каттоого алынбагандыгы жана тиешелүү документ жоктугу аныкталды;
48 мечит, 40 диний окуу жайга архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилди;
9 мечит, 6 диний окуу жай боюнча материалдар Эреже бузуунун бирдиктүү реестрине катталды;
7 материал Автоматташтырылган маалыматтык системанын маалыматтарды каттоо журналына каттоого алынды.
Комиссия диний чөйрөнү тескеген мамлекеттик органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу, түшүндүрүү, диний экстремизмди алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.
Диний сабакты билими жоктор өткөн. Сузакта көмүскө эки медресе табылды