Ошто жол бойлоруна кайгуул милициянын унаасынын макети коюлуп жатат. Сүрөт

Учурда жасалма унаалар Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ош облусунун аймагында жол бойлоруна кайгуул милициянын кызматтык унааларынын макеттери коюлуп жатат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ош облусунун аймагында жол бойлоруна кайгуул милициянын кызматтык унааларынын макеттери коюлуп жатат
Жол кырсыктарын болтурбоо жана азайтуу максатында жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында талдоолор жүргүзүлгөн. Ага ылайык, автокырсыктар катталган аймактарга түнкүсүн кызыл жана көк жарык берүүчү чырактар менен жабдылган кызматтык унаанын макеттерин орнотуу чечими кабыл алынган. Учурда алар Оштун Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна коюлууда, жакынкы күндөрү башка райондорго да орнотуу пландалган.
"Жергиликтүү жашоочулар мындай ыкма жакшы натыйжа берип жаткандыгын айтууда. Андыктан мектепке жакын жолдорго жана калктуу конуштарды кесип өткөн трассаларга коюп берүүнү өтүнүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.
6 ай ичинде кырсык болгон жерден 539 айдоочу качып кеткен. ИИМдин рейди