Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңдей жол кырсыгы катталды. Жарымы Бишкекте

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу жаш балдар жабыркаган жол кырсыктары көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында биринчи жарым жылдыкта 3 миңге чукул жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Улуттук статистика комитети ЖКККББга таянуу менен билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу автокырсыктар 1,3 пайызга азайган. Авариялардын басымдуу бөлүгү Бишкекте (45 пайыз), Чүйдө (19 пайыз) жана Ош облусунда (10 пайыз) болгон.
Жарым жылдын аралыгында жолдогу кырсыктардан 4,4 миң адам жаракат алганы (2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5 пайызга аз), 269 киши набыт болгону (8,5 пайызга көп) айтылат. Ал эми балдар катышкан авариялардын саны 820га жетип, 2,2 пайызга көбөйгөн. Анын кесепетинен 38 бала көз жумуп, 981и жаракат алган.
Ичип алып рулга отурган айдоочулардын айынан 153 кырсык катталган, мурунку жылга салыштырмалуу 17 пайызга азайды.
Ошто жол бойлоруна кайгуул милициянын унаасынын макети коюлуп жатат. Сүрөт