Кыргызстанда инфляция качан басаңдайт? ЕӨБдин божомолу

Жыл соңунда инфляция болжол менен 12 пайызды түзүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери Кыргызстанда күз келери менен инфляция басаңдай турганын божомолдоп жатат.
Кыргызстандын Улуттук банкы 31-июлда эсептик ченемдин деңгээлин 13 пайызда сактап калды. Инфляциянын төмөндөшү токтой элек. Улуттук банктын анализи боюнча баанын жылдык өсүүсү 21-июлга карата 10,3 пайызга азайган. Административдик-жөнгө салуу тарифтери жана керектөө активдүүлүгүнүн жогорулашы (январь-июнда сооданын өсүшү 17,8 пайыз) эсептик ченди сактоону шарттаганын айтат адистер.
"Күздө инфляциянын басаңдашын күтүп жатабыз. Анын арты менен Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди азайтуу раундун башташы мүмкүн. Биздин божомол боюнча жыл соңунда инфляциянын деңгээли 12 пайыз болушу мүмкүн", — деп жазылат ЕАӨБдин жума сайын чыкчу аналитикалык докладында.
Өлкөдө депозитке салынган акчанын көлөмү бир жылда 138 млрд. сомго көбөйдү