Чүйдө психоневрологиялык интернаттын бейтаптары кара жумушка тартылган. Видео

Соцтармакка тараган видеодон интернаттагы бейтаптар аң казып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктар Искра айылындагы (Токмокко жакын жерде) психоневрологиялык үй-интернатынын директорунун аракеттерине нааразы болуп жатышат.
Соцтармакка тараган видеодон интернаттагы бейтаптар аң казып жатканын көрүүгө болот. Стационардын директору Улукбек Усупбеков буга комментарий берди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери демөөрчүлөрдүн каражатына канализациялык система курулуп жаткан. Бул система 1968-жылдан бери алмашкан эмес.
"Ишке экскаватор тартылган. Жумуштун аз гана бөлүгүн бейтаптар жумуш терапиясынын алкагында жасаган. Мыйзамдын 12-беренесине ("Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндөгү") ылайык, социалдык тейлөө боюнча стационардык уюмдарда жашаган адамдар ден соолугунун абалын эске алуу менен эмгек терапиясына катыша алат", — деди Усупбеков.
Анын айтымына караганда, мекемеде психоз оорусуна чалдыкпаган, сыртка чыгууга жол берилген бейтаптар жашайт. Алар интернаттын аймагында басып, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша эмгек терапиясына катыша алышат.
"Видеодогу учурда ошол эмгек терапиясына катышып жатышкан болчу", — деди директор.
Дени сак адам жаман түш көрбөшү керек. Невролог Жамал Турганбаевдин маеги