Бишкектин чок ортосундагы атышуу: иш козголуп, экөө кармалды

7-августта таңда Чүй проспекти менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде атышуу угулган. Бул окуядан кийин милицияга беш киши жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бейбаштык кылууга шектелип эки киши кармалганын Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак,7-августта таңкы төрттөр чамасында 102 кызматына Чүй проспекти менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр ок чыгарганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция аталган жерге келип, ок атылган факт аныкталганын жана беш киши кармалганын кабарлашкан.
Маалымат кызматы бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголгондугун билдирди. Атышуудан улам 28 жаштагы А.Р. жана С.А аттуу эки жаран шектүү катары кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
"Мындан сырткары, шектүү А.Р. милицияга травматикалык "ПМР 45 Rubber" тапанчасын үч огу менен ыктыярдуу өткөрүп берди. Соттук-баллистикалык экспертиза башталды. Учурда иликтөө уланып жатат", — деп жазылган маалыматта.
Кадамжай: атышууда милициянын үч кызматкерине ок жаңылып, бир киши көз жумду