Жаңы курулуп жаткан Ак үйдөн өзбекстандык жумушчу кулап, ооруканага түштү

Жаракат алган курулушчу 6-августта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкекте курулуп жаткан жаңы Ак үйдүн имаратынан өзбекстандык жумушчу кулап түштү. Бул туурасында Ленин райондук милициясы билдирди.
Ага ылайык, 6-август күнү саат 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө көп кабаттуу имарат куруп жаткан жумушчу кулап ооруканага түшкөнү тууралуу милицияга кабарланган.
Жабырлануучу Өзбекстандын 30 жаштагы А.А. аттуу жараны экени аныкталып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы жаракат алган жумушчу бүгүн реанимациядан чыгарылып, Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын нейротравматология бөлүмүндө которулганын кабарлады. Абалы туруктуу деп бааланууда.
Алматыда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эне-бала терезеден секирди. Видео